• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 3,1 млн сомду ыйгарып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Жалал-Абадда ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 3 млн сомду ыйгарып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ИИМдин күзөт кызматынын Аксы райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары финансылык отчетко атайылап жалган маалыматтарды киргизүү менен, системалуу түрдө мыйзамсыз жогорулатылган айлык акыларды алып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, жеке ишкерлер менен сүйлөшүп алып, жасалма мамлекеттик сатып алуулар аркылуу бюджеттик каражаттарды накталашкан.

Жыйынтыгында мамлекетке 3 млн 191 миң 947 сом зыян келтиришкен.

Ошондой эле алар жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшүп

Жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Аксы райондук күзөт бөлүмүнүн кызмат адамдары бухгалтердик отчеттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшүп, өздөрүнө мыйзамсыз ашыкча эмгек акыларды алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө синирип алышкан, анын жыйынтыгында мамлекетке 3 191 947 сом зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылык беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий