• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда ИИОнун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Ички иштер органдарында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков жана Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору Алишер Абдуллаев ИИОнун ардагерлеринен карылар жумалыгына катарлаш кабар алышты.

"Алар ардагерлердин кылмыштуулуктун алдын алууда кошкон салымдарын эске салышып, иштеп жүргөн мезгилиндеги көз ирмемдерин айтып отурушту. Ошондой эле карылыкка моюн сунбай, жаш кызматкерлерге акыл-насаатын айтууга чакырышып, уул-кыздарынын сый-урматын көрүүсүн жана дөөлөттүү өмүрлүк жол каалашты. Өз кезегинде ардагерлер колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыктарынын билдиришип, жергебизде тынчтык болуусун тилешти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий