• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда үйлөрү селден жабыркагандарга камсыздандыруу төгүмдөрү берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Жалал-Абадда жаратылыш кырсыгынан турак жайлары жабыркаган 5 тургунга камсыздандыруу сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев ушул жылдын май айындагы катуу жааган жамгырдын кесепетинин Сузак районунун Атабеков, Барпы жана Сузак айылдагы селден жабыркаган беш тургунга 50 миңден 450 миң сомго чейики акча каражатынын сертификаттарын тапшырды.

Облус башчысынын орун басары турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруунун артыкчылыктарына токтолуп, мында эң башкысы мамлекет тарабынан жарандардын кызыкчылыгы корголоорун айтты. Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна, же жок болушуна байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп туруу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек турак жайды бир жылга камсыздандыруу шаарларда 1200 сом, айыл жергесинде 600 сомду түзөт. Табият кырсыгы катталган учурда камсыздандыруу уюму айыл жергесинде 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейинки зыяндын ордун толуктап берет. Каражат бөлүү келтириген чыгымдын деңгээлине жараша бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий