• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды

Аймак 0

Ош, 27.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери кыздар интимдик кызмат көрсөткөн жайды аныкташкан. Ал жер чылым чыгарган мурдагы заводдун имаратынын аймагында жайгашкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан ал жерди уюштурууга шектелген 34 жаштагы Жылдыз жана 41 жаштагы Клара кармалган.

Милиционерлер оперативдүү тасма тартышкан. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий