• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Жалал-Абадда ири өлчөмдө баңгизат сатып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул районунун аймагында А. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Анын негизинде 2020-жылдын 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-жылы туулган Т.З. кармалып, жанынан 10 даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн баңгизатка алынган.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-жылы туулган Т.Ж.дан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий