• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясы мамлекеттин бюджетине 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, “Ш” ЖЧКсы товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталган, ошол эле учурда салык отчетторун толугу менен берген эмес, натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда мамлекеттин бюджетине акча каражаттарын кайтарып берүү жана аталган ЖЧКга колдоо көрсөтүп келген кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий