• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда ири партиядагы акцизделбеген алкоголь тартып алынды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркаларсыз алкоголдук продукцияны ташыган автомашина аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Бул факт Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын иш жүзүндө таризделиши боюнча ишкердик субъекттерге карата салык контролунун жүрүшүндө аныкталган.

Башкача айтканда, маалыматтык системадан автомашинаны текшерүүдө ЭТТК жок экендиги жана кызматкерлер тарабынан автомашинаны текшерүүдө акциздик маркаларсыз алкоголдук продукцияны ташуу фактысы белгиленген.

Бардыгы болуп 9 миң 720 бирдик "стакандагы" алкоголь тартып алынды.

Товарлары менен автомашина мөөр басылып, айып салынуучу жайга киргизилди. Бузуулардын материалдары облустук прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарын саткан субъекттер 2022-жылдын 15-майынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий