• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда уурулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ири суммадагы уурулукка шектелип Сузак районунун 47 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

“Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын январь айынын башында Жалал-Абад шаарындагы үйүнө белгисиз адамдар эч ким жоктугунан пайдаланып, алтын, акча жана үй буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирип, жалпы келтирилген чыгым 300 миң сомго жакын экендигин көрсөткөн.

2020-жылдын 14-январь күнү аталган арыз боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан аталган кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Сузак районунун 47 жаштагы М.А. аттуу тургуну экендиги аныкталган. 2020-жылдын 16-июнь күнү Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы тарабынан шектүүнүн бөгөт коюу чарасы кармалган жеринен камакка алуу токтому кабыл алынып, издөө иши ачылган.

2020-жылдын 25-сентябрь күнү издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, Жалал-Абад Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий