• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда ишкерден опузалап акча талап кылган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ишкерден опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад милициясына 27 жаштагы ишкер өзүнүн укуктарын кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылган.

Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар 33 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Материал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун 27 жаштагы М.А. аттуу тургуну 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Алынган маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга жана ага катышкан делген 34 жаштагы Б.К. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Ал учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий