• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда ишкердикти өнүктүрүү боюнча эл аралык конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда 14-15-сентябрь аралыгында Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын жана BOOST программасынын алкагында “Регионалдык кызматташтык — Фергана диалогу” аталышындагы эл аралык конеренция өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, Ош жана Баткен облус башчыларынын орун басарлары, коңшу Өзбекстандын Фергана, Андижан жана Наманган облустарынын ишкерлери, жаштар жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда бизнес-ассоциациялар, ишкерлер бир аянтка чогултуп, аймактардагы соода жана өнөр жай, кайра иштетүү жана экспорттун көлөмүн арттыруудагы жаралган көйгөйлөрдүн үстүндө талкуулар жүргүзүлдү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Абсаттар Сыргабаев экономикалык туруктуулук гана мамлекеттин өнүгүүсүн камсыздарын белгиледи.

“Азыркы учурда президентибиз тарабынан да бардык ишкердик чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү максатында атайын программалар иштелип чыгып, бир катар мүмкүнчүлүктөр жаратылууда. Мында ири жана чакан бизнести колдоо үчүн сезилерлик салыктык жеңилдиктер берилди. Жалал-Абад облусунун аймагындагы өндүрүштү жандантып, калкка кошумча жумуш орундарын түзүү, жаңы ишканаларды ачууга басым жасалууда. Эл аралык конференция Борбордук Азиядагы ири экономикалык долбоордун ишин алдыга жылдыруу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарына ишенебиз,” - деди Сыргабаев.

Өзбекистандын Фергана өрөөнү менен Кыргызстандын түштүк аймактарында ишкерлерди колдоого багытталган “BOOST” долбоору 2020-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий