• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалды

Аймак 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жүргүзүлгөн атайын иш-чара учурунда издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрь айынын акыркы күндөрүндө Жалал-Абад облусунун аймагында «Селсаяк» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын негизги максаты - облус аймагында катталган кылмыштардын бетин ачуу, атайын издөө жарыяланып издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу.

Аталган иш-чаранын алкагында облустук милиция тарабынан 2 күн ичинде жалпы - 87 жаран текшерилип, алардын – 32си профилактикалык каттоого алынган. Ошондой эле издөөдө жүргөн – 3 кылмышкер кармалган болсо, анын ичинен бирөөсү эл аралык издөөдө жүргөн. Андан сырткары – 5 кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр тергөөгө камсыздалган.

Учурда облустук милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштардын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий