• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн, эртең менен Жалал-Абад облусунда күчү 3,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР УИАнын сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө болжол менен саат 07:51 катталып, очогу Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Байбиче айылынан түндүк-чыгышыты карай 11 чакырым жана Жалал-Абад шаарынан чыгышты карай 90 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу аймактарда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий