• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн, 2-август күнү саат 15:14тө болгон. Анын күчү Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий