• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кечээ, 29-ноябрда саат 22:42лер чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Канжыга айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын Орказган, Канжыга айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга жакын сезилген.

Пикир

Оставить комментарий