• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-мартта болжол менен саат 08:04тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий