• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 9-апрелде болжол менен саат 16:35те катталган.

Жер титирөө Токтогул районунун Үч-Терек, Кетмен-Төбө, Саргата айылдарында - 3 баллга, Кара-Жыгач, Торкент айылдарында – 2,5 баллга жана Токтогул шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, абыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий