• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-апрелде таңкы саат 04:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар–Коргон районунун Үч-Булак айылында жана Ноокен районунун Тоскоол айылында сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий