• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 21-октябрь күнү саат 13:26да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай, Жаңы-Айыл айылдарында 2,5 балл, Жылгын, Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Коргон, Авлетим, Мукур, Жерге-Тал, айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий