• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 4.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жалал-Абад облусунда 3-сентябрь күнү кечинде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
УИАнын сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан.
УИАнын сейсмология институтунун болжолдуу маалыматы боюнча, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:12 очогунда жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Кыргызстандын аймагынан чыгып, Фергана тоо кыркаларынын Байбиче айылынан түндүк-чыгышка карай 12 км, Кара-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты карай 14 км жерде жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү 2,5-3 баллга чейин жеткен.

Пикир

Оставить комментарий