• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук, айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий