• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда көчөлөрдү коопсуз шаарга ылайыкташтыруу башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бүгүндөн тарта коопсуз шаар долбоорунун алкагында инженердик түйүндөрдү жана мамычаларды орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алгачкы иш Барпы-Сейил көчөсүндөгү кесилиште жүрүүдө. Мындагы жумуштар аяктаган соң калган 11 кесилиште да инженердик түйүндөр жана мамычалар коюлат. Бул пландалган иштер апрель айынын аягына чейин бүткөрүлөт.

Шаардык мэрия тарабынан көчөлөрдү коопсуз шаардын талабына ылайык келтирүү иштери аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий