• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярчы элдик кошундардын мүчөлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал режими алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн областтык ички иштер башкармалыгында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууда, коомдук тартипти камсыз кылуу менен жарандар арасында түшүндүрүү иштерине активдүү катышкан кызматкерлер сыйланды.

Алардын арасында күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярчы элдик кошундардын мүчөлөрү бар. Мында өзгөчө абал учурундагы шаардын коменданты Жеңиш Жоробеков, пандемиялык кырдаалда күч түзүмдөрүнө жана медицина кызматкерлерине эң зарыл шарттарды жаратып, ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлигине ыраазычылык билдирди. Аны менен катар шаар мэри Мураталы Тагаев да калаа аймагында оорууну ооздуктоодо кошкон салымы үчүн бир катар тартип сакчыларына Ардак грамоталарын тапшырды.

Белгилей кетсек, 11-майдан тарта Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими орун алып, тургундар арасында карантиндик эрежелерди сактоо тартиби күчүндө калат. Ишин баштаган бир катар тармактар да коюлган талаптарды аткарууга тийиш. Бирок, жашоочулар арасындагы байланышты кыскартуу максатында азырынча коомдук транспорттор иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий