• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча мэрдин кубогу өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Телтору” ат майданында Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка спорттук иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Мэрдин кубогу үчүн Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканалардын, аймактык башкаруулардын атынан жалпы 10 команда күч сынашты.

"Көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогун президенттин Жалал-Абад шаарындагы резиденциясынын атынан чыккан команда жеңип алды. Ал эми экинчи орунду Курманбек аймактык башкармалыгынын атынан чыккан команда камсыздаса, үчүнчү орунду Жалал-Абад бажылык борборунун командасы, төртүнчү орунду мэриянын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин атынан чыккан команда багындырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жогорудагы командаларга медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мэрдин кубогун өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогу экинчи ирет өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий