• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Жалал-Абадда көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлыктарды шаардын мэри Мураталы Тагаев тапшырып, балдардын түйшүгүн көтөргөн энелердин эмгегине зор экендигин айткан.

Мында көп балалуу алты энеге «Баатыр эне» ордени берилсе, беш баланы тарбиялап жаткан беш энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 222 «Баатыр эне», 43 «Эне даңкы» наамдарына ээ болгон көп балалуу аялдар бар.

Пикир

Оставить комментарий