• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда калемдин капкагын жутуп алган бир жаштагы наристе чарчап калды

Кырсык 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда калемдин капкагын жутуп алган бир жаштагы наристе чарчап калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаш балдар бөлүмүнөн “102” кызматына маалымат келип түшкөн.

Маалыматта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө ручканын капкагын кокустан жутуп алып, аба жетпей, чарчап калгандыгын айтылат.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына “Кокустук” болуп катталып, текшерүү иштери башталган.

Наристенин атасы арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий