• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда калктын жашоо шартын аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 25-январдан тарта калктын жашоо шартын аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бир айга чукул убакытта аймактык башкармалыктар социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте калааны үймө-үй кыдырып чыгышат.

“Бул аракет аркылуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдар, үй-бүлөлөр аныкталат. Андан тышкары туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок же ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын абалына анализ жүргүзүлөт, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы февраль айынын аяк ченинде чыгарылат. Ал менен коомдун көңүл буруучу катмары тууралуу так маалымат белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий