• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда кар астында калгандар сегиз күндөн бери табыла элек

Аймак 0

Бишкек 21.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар астында калгандар 14-февралдан бери табыла элек. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, ошондой эле атайын каражат менен темир издеген адам (металлоискатель) бар. Ошондой эле 8 атайын техника, тактап айтканда, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган.

Маалыматка ылайык, кардын жалпы көлөмү 1 млн метр кубду түзөт. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий