• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган төрт кишини издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган төрт кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Сузак районундагы 349-чакырымына барды. Бирок аба ырайынын катаалдыгы жана жолдогу кардын көлөмүнүн көптүгүнөн көчкү катталган аймакка чейин жетүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Белгилей кетсек, 14-февралда түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Казарман-Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү түшүп, үч жумушчуну басып калган. Окуя катталган учурдан тарта ӨКМдин куткаруучулары, Тогуз-Торо районунун акими баш болуп, издөө иштерин улантып жатат.

Бүгүн, 15-февралда, альтернативдик унаа жолундагы тоннелдин түштүк тарабына да кар көчкү түшүп, “Пикап” унаасын басып калган. Дагы бир “Пикап” унаасын жана бир вагонду көчкү сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир адам дайынсыз болууда.

Кырсыктан жабыркагандардын экөө Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканада, дагы бири облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Облус башчысы издөө-куткаруу жумуштары жүрүп, ӨКМдин облустагы кызматкерлери, бардык керектүү техникалар тартылганын билдирди. Мындан сырткары, жолдорду убагында тазалоо тапшырмасы берилгенин айтты.

Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу аймакта кар көчкү жүрүү кооптуулугу дагы да жогору.

Пикир

Оставить комментарий