• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган жарандарды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган жарандарды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Тогуз-Торо районундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, туннелдин түндүк тарабы) жана болжол менен 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусу, туннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам дайынсыз болууда.

Учурда издөө иш-чаралары улантылууда, жерине 58 куткаруучу жана ыкчам топ тартылган.

Пикир

Оставить комментарий