• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта жеңил унаалар үчүн жол каттамы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында болжол менен 10 миң 443 куб метр кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 10:43тө аталган унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген.

Аталган объектке №23 Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Натыйжада саат 13:16дан тарта жеңил унаалар үчүн жол каттамы ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калды.

Пикир

Оставить комментарий