• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда Кардиохирургдардын күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр илимий борборунун ачылгандыгынын 10 жылдыгы жана кардиохирургдардын кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан 62 жыл мурун ушул күнү медицина илимдеринин доктору, академик Иса Ахунбаев Орто Азияда алгачкылардан болуп, жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган. Андан сырткары, аталган борбордо 2013-жылы жүрөккө кынтыксыз операция жасоодогу ачылыштар тууралуу илимий конференция жогорку деңгээлде өткөрүлгөн. Ошол күндөн баштап, бул күн кадиохирургдандын күнү катары белгиленип келет.

Кошумчалай кетсек, акыркы 1 жылда аталган борборго 7474 адам жүрөгү ооруп жатканына даттанып кайрылган, анын 5802си чоңдор болсо, 1672 балдар. Өткөн, 2020-жылы 331 бейтаптын жүрөгүнө операция жасалса, жыл башынан бери 158 оорулуунун жүрөгүнө операция жасатышкан.

Пикир

Оставить комментарий