• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда кароосуз калган балдардын жашоосун жакшыртуу боюнча окутуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Жалал-Абад шаардык мэриясында “Оор турмуштук кырдаалда турган балдардын базасы” программасы боюнча окутуу өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага аталган министрликтин өкүлү Бакыт Торогелдиев, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын орун басары Назира Жакыпова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Окутуу кароосуз калган балдардын жашоосун жакшыртуу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда убактылуу ата-энесинин көзөмөлүнөн ажыраган 15, үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө жашаган 8 бала бар.

Пикир

Оставить комментарий