• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абадда улгайган адамдарга президенттин атынан сый тамак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрь–Карылардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 140 карыяга өлкө башчысы тарабынан майрамдык көтөрүнкү маанай тартуулоо максатында сый-тамак уюштуруп, концерттик программа тартууланды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, улгайган жарандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү, көңүл буруу аракеттери дагы да улантылаарын белгиледи. Өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө, жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө бүгүнкү коомдогу улгайган жарандардын эмгеги чоң экенин айтып, аларга ден соолук каалады.

Жалал-Абад облусунда 135 миң 814 улгайган адамдар бар. Алардын ичинен майрамга катара 37 карыяга облустук бийлик тарабынан 5 миң сомдон акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий