• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда карылар күнүнө карата сый тамак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Жалал-Абадда карылар күнүнө карата сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү. Бул датага карата жана улууларга урмат көрсөтүп, алардын ак батасын алуу үчүн Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы ички иштер органдарынын ардагерлерине сый тамак уюштурушту.

Дасторкон үстүндө ардагерлер менен жаш кызматкерлердин баарлашуусу орун алып, жаштарга акыл-насааттарын айтышты. Шаардык милиция тарабынан уюштурулган сый тамакка ардагерлер ыраазы болушуп, мындай жагымдуу көрүнүштөрдү кийинки муундан көргүлө деп алкыш айтышты.

Ички иштер органдарынын ардагерлери тегерек стол четинде кызмат учурунда өткөргөн күндөрүн, эсте калган окуяларын эскерип отурушту. Соңунда улуулар жаш кызматкерлердин иштерине ийгилик каалашып, өлкөбүздө дайыма тынчтык болуусун тилешип, амандыкта жолугууну ниет кылып тарашты.

Пикир

Оставить комментарий