• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда карыларга акчалай жардам көрсөтүү боюнча бир айлык башталды

Коом 0

Ош, 28.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облусунда өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин жарлыгы боюнча 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайгандарга көңүл буруп, жардам беребиз” аталыштагы бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу аталган ведомстванын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн жарлыгы боюнча Сузак, Токтогул райондорундагы жана Токтогул шаарындагы карылар үйүнө, ошондой эле жашы жүздөн ашып калган 67 адамга акчалай каражат бөлүндү.

Андан сырткары, карылардын күнүнө карата 55 мамлекеттик мекемеге 1-октябрда карыларга жардам берүү көрсөтмөсү берилди.

2016-жылдын ичинде 14 миң кары-картаңдарга 10 млн 400 миң сом өлчөмүндө жардам берилген,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий