• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда каза болгон журналисттердин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда Жалал-Абаддагы каза болгон журналисттердин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада маркум журналисттерге арнап куран окулуп, журналисттер спорттун футбол, волейбол түрлөрү боюнча күч сынашты.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышып, журналисттердин коомдогу орду зор экендигин баса белгилешип, көзү өткөн журналисттердин эмгектерин эскеришти.

Журналисттер союзунун Жалал-Абад олблустук бөлүмүнүн төрайымы Жумагүл Шайыкованын демилгеси менен өткөрүлгөн спорттук мелдештин жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунду басма сөз катчылардын балдар курамасы, 2-орунду УТРК Жалал-Абад телеканалынын балдар командасы ээледи. Ал эми Регион телеканалынын балдар командасы 3-орунду ээлеп, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Ал эми волейбол боюнча мелдеште журналист айымдардын "Достук" курама командасы 1-орунду, УТРК Жалал-Абаддын "Биримдик" кыздар командасы 2-орунду ээлеп, командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий