• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда кен казуучу ишканадан алтын карактоого шектелгендердин бири кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кен казуучу ишканадан алтын карактоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 8-ноябрына караган түнү саат 02:30дар чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен.

Алар кендин кароолчулары менен жумушчуларын сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгаруу менен денесине залал келтиришкен. Кен казган ишкананын бөлмөсүндөгү темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металын ачык түрдө тартып алып, короодо токтоп турган “Митсубиси Делика” үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашкан. Жанында токтоп турган “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырган.

Жогорудагы топ кен казган ишканага жалпы суммасы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирген.

Аталган факты Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

27-январда кылмыш ишине шектелип Ала-Бука районунун 30, 27 жана 26 жаштагы үч тургуну кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми 16-мартта Жалал-Абад облусунун аймагында “Розыск” операциясы өткөрүлгөн. Операция учурунда Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине айыпталган, кылмыштуу топтун шериктеринин бири, издөөдө жүргөн Ала-Бука районунун 28 жаштагы Ж.Б., аттуу тургуну жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий