• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда кесип тандоо жана билим алуу ыкмаларына арналган форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Туура кесип тандоодо заманбап билим берүү жана алуу ыкмалары” аталышындагы форум болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Форумга “Ата-энелер мектеби” программасынын негиздөөчүсү, КР эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Шарля де Голль университетинин бүтүрүүчүсү Зарина Макен, облустун башка район, шаарларынан келген мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Форумдун жүрүшүндө Гапыр Мадаминов балдар кайсы китепти окуусу керектиги, баланын телефондон оолактатуу, студенттердин алган билимин турмушта пайдалануусун ишке ашыруу жана ата-энелердин балдарынын алдындагы жоопкерчилиги тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Аталган иш-чаранын максаты келечек ээлери болгон жаш муунга кесип тандоодо жардам берүү менен мыкты кадрлардын өсүүсүнө өбөлгө түзүү, мугалимдердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү, ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, учурда өлкө боюнча мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы менен мугалимдер жана ата-энелер окутуудан өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий