• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү экстремисттик көз карашынан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда Хизбут-Тахрир уюмунун мүчөсү экстремисттик көз карашынан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук милициясынын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын профилактикалык каттоосунда 2005-жылдан бери "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик партиясынын активдүү мүчөсү катары катталган, Ноокен районунун 38 жаштагы З.К. аттуу тургуну аталган уюмдан баш тарткандыгын билдирген.

Анын айтымында, ал аны менен жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында "Хизбут-Тахрир" уюмунун катарынан чыгууну чечкен.

"Ал аталган диний экстремисттик партиянын идеологиялары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү туура эместигин, бул боюнча мыйзамдын негизинде жоопкерчилик каралгандыгын эске алуу менен "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан чыккандыгын ачык айтып, кайрылуу жасаган. Аны менен бирге ал жарандарды экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана катышпоого чакырган", - деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан билдиришкендей, алардын Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматында 500дөн ашык адам ар кандай диний экстремисттик агымдардын мүчөлөрү катары каттоодо турат. Жыл башынан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 20дан ашык жаран бул агымдардан баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий