• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда кичи футбол боюнча шаар мэринин кубогу өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 21-22-сентябрь күндөрү спорттун кичи футбол түрү боюнча Жалал-Абад шаар мэринин кубогу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Оюндун башталышында ага жалпы 14 команда катышып, анын ичинен төрт команда финалда беттешишти. Биринчи жана экинчи орунга шаардагы балдардын спорт мектебинин футболчулары жана “Жалалабатэлектро” ААКнын командасы, 3-орунга Сузак районунун Ырыс айылынан келген команда менен Кочкор-Ата шаарынан келген команда ат салышты. Финалдын жыйынтыгында, Жалал-Абад шаарындагы балдардын спорт мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, мэринин кубогу жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми 2-орунга “Жалалабатэлектро” ААКнын, 3-орунга “Маржанбек” командалары ээ болушту.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев жеңишке жетишкен командаларга мэрдин кубогун, акчалай сыйлыктарды, грамоталарды тапшыруу менен бирге оюндун катышуучуларына ийгилик каалады.

“Мына эки күндөн бери беттеш болуп, анын натыйжасында эң күчтүү делген төрт команда калдыңар. Силер - шаардын жүзүсүңөр. Анткени шаарыбыздан башка мамлекеттерге барып, алдыңкы орундарды багындырып келген спортчуларыбыз аз эмес. Мэрдин кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет. Бүгүнкү кубок “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналды. Жеңишиңер кут болсун. Силерге бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм. Шаарыбыздын атын чыгарган мыкты спортчулардын катарын толуктап жүрө бергиле”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий