• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда кичи футбол боюнча турнир жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Жалал-Абадда 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө жана ИИМдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата кичи футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынан 5 команда, Милициянын кайгуул күзөт кызматы, Жалал-Абад ШИИБи, «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы, Тез чара көрүү отрядынан болуп жалпы 9 команда күч сынашты.

Оюндун жыйынтыгы төмөндөгүчө:

1-орун – КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасы;

2-орун – Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын экинчи командасы;

3-орун – Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү;

4-орун – Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы.

Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий