• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда ӨКМ кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Жалал-Абадда өрт коопсуздугу, сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери жана коронавирус илдетинен сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык бөлүмдөрүнүн офицердик курамы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өрт коопсуздук эрежелери, сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери жана коронавирус илдетинен сактануу боюнча түшүндүрүү иштери Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары, Сузак, Ала-Бука, Аксы жана Тогуз-Торо райондорунун аймагында жайгашкан соода түйүндөрдө, азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө, автоунаага май куюучу жана майын алмаштыруучу жайларда жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий