• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда ӨКМдин 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абадда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, тармактын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Облус башчысы куткаруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

“Бул 30 жыл аралыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрдык, материалдык жана техникалык дарамети чыңалып, өз ишине берилген, ага өмүрүн, тагдырын арнаган кесипкөй куткаруучулардын армиясы түзүлдү десем болот. Сиздер өлкөбүздүн кайсыл гана бурчунда жаралган оор кырдаалдар болбосун, жарандарыбызга эң биринчилерден болуп жардам көрсөтүп келесиздер. Өткөн жылы COVID-19 илдетиндеги оор пандемиялык шартта да куткаруучулар саламаттык сактоо жана милиция кызматкерлери менен биргеликте күнү-түнү тыным албай калктын ден соолугу үчүн күрөштү. Жалал-Абад облусунда сел ташкындары, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдар жаралуу коркунучу бар аймактар көп. Жыл сайын бул багыттагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда тармактын кызматкерлеринин эмгеги чоң", - деди Сыргабаев.

Майрамдык саамалыкта ӨКМдин облустагы алдыңкы кызматкерлери Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Учурда Жалал-Абад облусунун район-шаарларында 12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий