• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абадда кол салууга кабылган журналист окуя тууралуу оюн айтты

Коом 0

Ош, 10.11.18. /Кабар/. Жалал-Абадда кол салууга кабылган журналист Санрабия Сатыбалдиева ага болгон кол салуу кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп эсептейт.

Кечээ, 9-ноябрда Жалал-Абадда белгисиз адам Санрабия Сатыбалдиевага бычак менен кол салган.

Сатыбалдиева жакындарына жана тааныштарына ал үчүн тынчсыздангандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, учурда абалы жакшы, ооруканада экенин айткан.

"Мен бул тармакка чындык, акыйкат үчүн келгем, аз жердден чындыкты сүйбөгөндөрдүн курмандыгы болуп кала жаздадым. Мен айтып жаткан акыйкат айрымдарга жакпай калган окшойт", - деди ал.

Ошондой эле ал тартип сакчыларына бул иш боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп жатканына жана коопсуздугун камсыздагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ал милиция кызматкерлери бул ишти аягына чыгарышат деген үмүттө.

Буга чейин "Malina.TV" аталышындагы жергиликтүү ютуб-каналдын журналистине үйүнүн кире беришинде белгисиз адам кол салып, ага "тынч жашай албайсынбы?" деп айтканы кабарланган.

Укук коргоо органдары кол салуунун иликтөөсүн баштап, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий