• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда коменданттык саатты бузган 55 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коменданттык саатты бузган 55 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында Жалал-Абад облусу боюнча сутка ичинде 21 кылмыш иши катталган.

"Бир сутка ичинде коменданттык сааттын эрежесин бузган 55 жаран кармалды. Ал эми коменданттык сааттын эрежесин бузган 7 жаран кармалды. Алардын үчөө Жалал-Абад шаарында, төртөө Сузак районунда болгон. Ошондой эле 59 автоунаа токтотулуп, айып короого киргизилген", - дейт ал.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий