• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абадда коменданттык сааттын эрежесин бузган 25 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коменданттык сааттын эрежесин бузган 25 жаран кармалды. Бул тууралуу Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада коменданттык саат ичинде жана күндүзгү күчөтүлгөн режим учурунда Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча тартип бузган 25 жаран кармалган.

"25 жарандын ичинен 24ү күндүзгү режимди бузгандыгы, 1 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалды. Ал эми жалпы Жалал-Абад облусу боюнча 31 кылмыш иши катталып, анын 4үнүн бети ачылды. 61 унаа айып короого токтотулду. Оор кылмыштарды бузгандар катталган жок. Учурда коомдук саясий абал туруктуу", - дейт Жоробеков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан жана коронавирус жуктуруп алган 61 жаштагы бейтап каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий