• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөн жок, көзөмөл күчөтүлдү – комендант

Аймак 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөн жок, көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жоробековго Жалал-Абад шаарында күндүзгү учурда көзөмөл күчөтүлгөнү байкалды, коменданттык сааттын убактысы өзгөрдүбү деген суроо узатылды.

"Азырынча коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлгөн жок. Бирок, мыйзам, тартиптин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлдү", - деп, ал эл арасында коронавирус боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, шаардагы алдын алуу, түшүндүрүү иштерине 500 милиция кызматкер тартылган.

Белгилей кетсек, 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий