• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда комендатуранын алдында түзүлгөн штаб 150 үй-бүлөгө жардам көрсөттү – комендант

Аймак 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда комендатуранын алдында түзүлгөн штаб 150 үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал комендатуранын алдында муктаж жарандарга жардам көрсөтүү максатында штаб түзүлгөнүн билдирди.

Жалал-Абад шаарында социалдык маселелер боюнча 0701 11 70 32 номери, Сузак району боюнча 0701 11 70 30 номерине кайрылууга болот.

"Биздин номерге кайрылып, байланыш номерлериңизди, жашаган дарегиңиз жана үй-бүлөдөгү адамдардын саны боюнча маалымат калтырасыз. Биз ал маалыматтарды тактап, жардам берүү боюнча топтор түзүлгөн, алар аркылуу сиздерге жардам берүүгө даярбыз", - деди ал.

"Штабды түзүү боюнча чечим мурдагы күнү кабыл алынган. Кечээ күндөн тарта иш жүзүндө жардам көрсөтө баштадык. Бир күн ичинде 150 жакын жаран кайрылды. Кечээ күнү алардын баарына жардамды жеткирип бердик" - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий