• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коомчулук Ооган согушунун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. “Силердин эрдигиңер, жашоодогу активдүү позицияңар биздин келечек муундарды туура тарбиялоого кызмат кылат. Ушунун өзү эле коомго кызмат кылуу болуп саналат”. Ооган согушунун катышуучуларына бүгүн Жалал-Абад шаарынын коомчулугу ушундайча баа беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгып кетишинин 28 жылдыгына арналган Жалал-Абад шаарындагы бүгүнкү иш-чара “Жеңиш” эс алуу багындагы Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин эстелигинин жанында өткөрүлүп, ага шаар мэриясынын, шаардык муниципалдык кызматтардын, коомдук уюмдардын, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулар жана студенттер жамаатынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Ооган согушунун катышуучулары жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышышты.

Шаар бийликтеринин атынан шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, акскалдар кеңешинин төрагасы Аламан Адиев, шаардагы аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери жана башкалар сөз сүйлөшүп, Ооган согушунун ардагерлерине жакшы каалоолорду билдиришти. Иш-чаранын аягында курман болгондорго арналып Куран окулду, ардагерлерге сый тамак берилип, концерт тартууланды.

Иш-чара учурунда анын катышуучулары согушта курман болгондорду бир минута эскеришти, аларга арналып асманга ок атылды жана алардын үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жакшы каалоолорду айтышты. Курман болгон жоокерлерге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине да гүлчамбарлар коюлду.

Эскерте кетсек, учурунда Жалал-Абад шаарынан Ооган согушуна 500дөн ашуун жигиттер кетишкен, алардын ичинен экөөсү курман болгон. Азыр шаарда Ооган согушунун 96 ардагери бар, алардын үчөөсү ар кайсы топтогу майыптар болуп эсептелет. Ал эми Ооганстандан аман-эсен кайткан 20 жоокер өз жерине келгенден кийин көз жумушкан.

Пикир

Оставить комментарий