• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абадда коомчулук улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө чакырышты

Аймак 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргызстанга учурда тынчтык, улуттар аралык ынтымак жана саясий биримдик керек. Коомду дүрбөлөнгө салуучу чагымдар, чакырыктар керек эмес. Шайлоодо элдин добушун алуу максаты менен талапкерлер да ой келди сөз айта бербей, жоопкерчиликтүү, этият болуулары зарыл. Эгер андай нерселерге жол коюлса, анда ага юридикалык баа берилиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад облусундагы "Санпа шейиттери", "Элим-жерим бир", “2005-жылдагы революцияны коргоо комитети", "Казына ордо" коомдук бирикмелеринин жана облустагы аялдар кеңешинин мүчөлөрү журналисттерге берген маалымат жыйынында билдиришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат жыйынына катышкандар жакында эле президенттик талапкерлердин бири шайлоочулар менен жолугушуу учурунда этникалар аралык мамилелерге жик салуучу сөздөрдү, чакырыктарды айтып, эл арасында нааразылыктарды жаратканын сынга алышты. Жалал-Абад шаарынын тургуну, "Казына ордо" коомдук бирикмесинин мүчөсү Арстанбек Жээнбековдун айтымында, талапкерлердин үгүт маалындагы элге айтылган туура эмес сөздөрү элдин тынчтыгына доо кетирет.

“Айрым талапкерлер өзүнүн саясий максатына жетүү үчүн ачыктан-ачык опурталдуу чакырыктарды жасашууда. Ошондуктан тийиштүү органдарга, Борбордук шайлоо комиссиясына, айрыкча прокуратура органдарына мындай терс көрүнүштөргө карата мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылып жатабыз. Жалпы карапайым калкка да кайрылабыз: бир адамдын туура эмес сөзүнөн улам эмоцияга алдырып, карама-каршылыкка барбаңыздар. Эл 2010-жылы өткөн улуттар аралык кагылышуусда жакындарын жоготуп, алган жараты эми айыгып келе баштаганда кайрадан эл козголбошу керек. Биздин Мекенибиз жалгыз, ага тынчтык гана керек. Азыр эл ичинде кооптонуу, чочуркоо сезими пайда болду. Карапайым эл улуттар аралык биримдикти чыңдоого аракет кылып жаткан кезде эл башчысы болом дегендер да өздөрүнүн аракеттерин колго алуулары керек”, - деди ал.

Маалымат жыйынына катышкан коомдук бирикмелер жалпы калайык-калкты сабырдуулукка, тынчтыкка чакырышып, ал эми элди дүрбөткөн чакырыктары үчүн тийиштүү талапкерди мыйзам чегинде жоопко тартуу жагын укук коргоо органдарынан талап кылышарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий